1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

31

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана коопсуздук эрежелери

Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун Жалал-Абад областтык филиалынын кызматкерлери тарабынан студенттер үчүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана коопсуздук эрежелери боюнча лекция өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө табигый кырсыктар, өрт кырсыктары жана өзгөчө кырдаалдар учурунда туура аракет көрүү жолдору тууралуу кеңири маалыматтар берилди.

Лекциянын негизги максаты — студенттердин коопсуздук боюнча билимдерин жогорулатуу, өзгөчө кырдаалдарда өзүн алып жүрүү маданиятын калыптандыруу жана өз ара жардам көрсөтүүнүн маанисин түшүндүрүү болду. Лекциянын жүрүшүндө катышуучулар пайдалуу маалыматтарды алышты.