1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

30

Квалификация алдындагы практиканы жыйынтыктоо

ЖАМУнун Алдынкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжининин АСжМ ПЦКсынын БАСк-01-24, БАСк-2-23, БАСк-3-23  тайпасынын студенттери 02.03 - 18.04.2026-ж чейин квалификация алдындагы практиканын отчетторун ийгиликтүү коргошту. Жыйынга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк  практиканы уюштуруу бөлүмүнөн Нурия Султановна, өндүрүштүк  практика жетекчиси Режапова Элмира, АСжанаМ ПЦКсынын төрагасы Калдарова Д. К, БАС адистигинин практика жетекчиси Абдразакова Г.А. жана практиканын жетекчилери катышып, студенттердин практика учурундагы ишин баалашты. Практика учурунда студенттер алган теориялык билимдерин практикада натыйжалуу колдонуп, кесиптик көндүмдөрүн бир топ жакшырта алгандыгы белгиленди.

Ар бир студент практикасынын жыйынтыктары боюнча презентация жасап, белгиленген талаптарга ылайык отчетун коргошту. Андан тышкары, студенттер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, туш болгон кыйынчылыктарды чечүү жолдорун талкуулашты. Жыйында практика жетекчилери тиешелүү баалоолорду, ошондой эле студенттердин кесиптик көндүмдөрүн жакшыртуу боюнча сунуштарды беришти. Жалпысынан алганда, бул иш-чара студенттердин практикалык көндүмдөрүн чыңдоого жана аларды келечектеги адистер катары өнүктүрүүгө жардам берди. Жыйынтыгында студенттердин өзүлөрүнүн илимий иштерди жасагандыгы жана практика учурунда жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөндүгү үчүн “Ыраазычылык кат” алышкандыгы менен өзгөчөлөнүп турушту.