1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

48

 Чернобыль апаатына 40 жыл:  “Адамзат эсинде калган сабак” 

1986-жылы болгон Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын тарыхын эске салуу, анын кесепеттерин терең түшүндүрүү жана экологиялык жоопкерчилик сезимин калыптандыруу максатындагы тарбиялык саат өттү.

Сабактын жүрүшүндө окутуучу Байышбек кызы Аида слайд аркылуу презентация жасап, кырсыктын себептери,  айлана-чөйрөгө жана адамзатка тийгизген таасири тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле радиациянын зыяндуулугу, коопсуздук эрежелери жана мындай кырсыктардын алдын алуу жолдору боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулар суроолорду берип, талкууга активдүү катышышты. Бул сабак тарыхый окуяларга болгон кызыгууну арттырып, жоопкерчиликтүү жарандык позицияны калыптандырууга өбөлгө түздү.

Чернобыль апааты — адамзат үчүн чоң сабак болуп калды. Аны эстен чыгарбоо жана андан туура жыйынтык чыгаруу — ар бирибиздин милдетибиз.