1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

12

Жалал-Абад колледжинде кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча лекция өтүлдү

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан студенттер арасында ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү жана профилактикалык лекция өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө жаштар арасындагы укук бузуулар, бейбаштык, зордук-зомбулук, интернет алдамчылыгы жана мыйзам талаптарын сактоо боюнча кеңири маалыматтар берилди.

Лекциянын негизги максаты — студенттердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, коомдук тартипти сактоого чакыруу жана кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат. Ошондой эле студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистерден пайдалуу жоопторду алышты.

Мындай иш-чаралар жаштардын мыйзамды урматтоосуна, жоопкерчиликтүү болуусуна жана коомдогу терс көрүнүштөрдөн алыс болуусуна чоң өбөлгө түзөт.