1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

Билимдүүлөр жарышы: Олимпиада жыйынтыкталды.

Жалал-Абад колледжинде предмет аралык олимпиаданын 1-2-турлары өткөрүлүп, «Автоматташтырылган системалар жана математика» (АСжМ) комссиясы тарабынан студенттер арасында математика жана информатика предметтери боюнча  олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылды.

Иш-чаранын максаты — студенттердин так илимдерге болгон кызыгуусун арттыруу, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана таланттуу жаштарды аныктоо болуп саналат. Олимпиаданын жүрүшүндө катышуучулар татаал деңгээлдеги эсептерди чыгаруу жана компьютердик сабаттуулук боюнча өз билимдерин сынашты.

Жыйынтыгында өзгөчө даярдыгы менен айырмаланган студенттер аныкталып, АСжМ ПЦКсынын жетекчилиги тарабынан жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы дипломдор   тапшырылды.  Биздин студенттердин илимге болгон умтулуусун кубаттайбыз жана окуудагы ийгиликтеринин уланышын каалайбыз!