ИШКЕРДИКТИ КАРЖЫЛОО БУЛАКТАРЫ
Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинде ишкердиктин негиздери дисциплинадан конок лекция өттү. “Ишкердиктин каржылоо булактары “ деген темадагы конок лекцияны колледждин окутуучулары Г. Чекиргозова, Н. Тукуева, Э. Калимбетова уюштурушту.
Компаньон банкынын адистери Н.Юсупова ,Т. Шанкаев , Р.Сакенов конок лектор катары келишип, студенттер менен кызыктуу маек курушту. Студенттер кызыккан суроолоруна адистерден жооп алышты, активдүү катышкандар Компаньон банкынан белек алышты. Иш чаранын жыйынтыгында ЖАКтын атынан конокторго ыраазычылык кат тапшырылды.
Мындай иш чараларды уюштуруу менен студенттердин окууга жана келечектеги кесибине болгон кызыгуусун арттырат - дейт уюштуруучулар.