1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

ЖАКта ветеринария адистигинде иш ордунда окутуу жүрүүдө

Ветеринария ПЦКсынын мугалими Исакбаев Шамши “Жумуртканын ветеринардык-санитардык экспертизасы” темасында Сузак райондук ветеринардык-санитардык экспертиза (ВСЭ) лабораториясында мастер-класс өтүп келди.  Мастер-класстын жүрүшүндө жумуртканы текшерүүнүн негизги ыкмалары, алардын сапатын аныктоо жолдору жана санитардык талаптар кеңири түшүндүрүлдү. Катышуучулар жумуртканын сырткы көрүнүшүн баалоо, овоскоп аркылуу текшерүү, сактоо шарттары жана жарактуулук мөөнөтүн аныктоо боюнча практикалык билим алышты.  Ошондой эле, ветеринардык-санитардык экспертизанын талаптарына ылайык, адам ден соолугу үчүн коопсуз жана сапаттуу азыктарды камсыз кылуунун мааниси баса белгиленди. Лабораториядагы практикалык иштер студенттердин жана катышуучулардын кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга чоң салым кошту.   Бул мастер-класс теория менен практиканы айкалыштырып, келечектеги ветеринар адистер үчүн пайдалуу тажрыйба болду.