1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

ЖАКта ветеринарлар күнү белгиленди

Алдыңкы тажрыйба борборунда ветеринарлар күнүнө карата атайын иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чарага ветеринария адистигинде окуган 1- 2- жана 3-курстун студенттери катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өз билимдерин жана көндүмдөрүн көрсөтүп, кызыктуу мастер-класстарды уюштурушту. Ошондой эле ветеринария тармагындагы актуалдуу темалар боюнча презентациялар менен чыгышты.

Иш-чара мазмундуу жана пайдалуу өтүп, катышуучулар үчүн жаңы маалыматтарды алууга жана тажрыйба алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындай демилгелер студенттердин кесиптик өсүүсүнө чоң салым кошот.