1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

29

Иш ордунда окутуу “Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоону жүргүзүү жана жылкыларга чип басуу”

Ветеринария ПЦКсынын мугалими Абдыкалыков К. Манас шаардык ветеринардык башкармачылыгында 3-курстун студенттери үчүн “Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоону жүргүзүү жана жылкыларга чип басуу” темасында мастер-класс өтүп келди. Мастер-класстын жүрүшүндө студенттерге ири мүйүздүү малдарды идентификациялоонун негизги ыкмалары кеңири түшүндүрүлдү. Атап айтканда, кулак биркаларын тагуу, малдарды каттоо, маалыматтарды так жана туура жүргүзүү жолдору практикалык негизде көрсөтүлдү. Ошондой эле жылкыларга электрондук чип орнотуу процесси тажрыйба жүзүндө жүргүзүлүп, анын мааниси, артыкчылыктары жана ветеринардык көзөмөлдөгү ролу баса белгиленди.   Иш-чаранын практикалык бөлүгүндө студенттер малдарды идентификациялоо жана чиптөө иштерине түздөн-түз катышып, өздөрүнүн кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Мындан тышкары, коопсуздук эрежелерин сактоо, малга туура мамиле кылуу жана ветеринардык-санитардык талаптарды аткаруу боюнча маанилүү маалыматтар берилди.

Бул мастер-класс студенттер үчүн теориялык билимдерин практика менен бекемдөөгө жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө керектүү тажрыйба топтоого чоң өбөлгө түздү.