1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

50

Автомобилдерди тейлөө адистигинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу болуп өттү

Жалал-Абад колледжинде «Автомобилдерди оңдоо жана техникалык тейлөө» адистигинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө негизги кесиптик билим берүү программасы жана бүтүрүүчүнүн модели талкууланды.

Жолугушууга «Осмонов» жеке ишканасында автослесарь болуп эмгектенген бүтүрүүчүлөр Рахманжанов Канболот жана Маматжанов Шералы катышты.

Талкуунун алкагында бүтүрүүчүлөр өз сунуштарын билдиришти. Алар окуу процессинде ЖОО (жумуш ордунда окутуу) көлөмүн көбөйтүү жана өндүрүштүк практиканын сааттарын арттыруу зарылдыгын белгилешти.

Бул сунуштар билим берүү программасын өркүндөтүүдө эске алынат.