1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

30

Окуу-таанышуу практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы

Алдыңкы тажрыйба борборунда Ветеринария адистиги боюнча билим алып жаткан 2-курс студенттеринин окуу-таанышуу практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференциянын максаты – студенттердин практика учурунда алган билимдерин, көндүмдөрүн жана тажрыйбаларын жыйынтыктоо болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн практика учурунда аткарган иштерин баяндап, ветеринария тармагындагы негизги багыттар боюнча алган практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Алар малдарды кароо, дарылоо, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү жана ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр тууралуу кеңири маалымат беришти.

Ошондой эле конференцияда жетекчи окутуучулар жана адистер студенттердин ишине баа берип, пайдалуу сунуштарды айтышты. Практиканын жыйынтыгында студенттер теориялык билимдерин практикада колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, кесиптик даярдыгын жогорулатышканы белгиленди.

Жыйынтыктоочу конференция жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттер үчүн маанилүү тажрыйба болду.