1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

Окуу практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы

24-Апрель күнү Жалал-Абад колледжинин Модельер-конструктор адистигинде окуу практиканын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Иш-чарага ЖАКтын практика жетекчиси Режепова Эльмира, ТБК ПЦКсынын жетекчиси Мамажунусова Нуркан, окутуучулар жана практикадан кайтып келген студенттер  менен ата-энелери кошо катышты.

Конференциянын ачылышын ТБК ПЦКсынын жетекчиси Мамажунусова Нуркан жүргүздү. Андан соң, практика өткөн студенттер өздөрүнүн цехтерде аткарган иштерин, тигилген коллекцияларын жана күндөлүк отчетторун слайд-презентациялар аркылуу сунушташты. Ар бир студент практика учурунда алган тажрыйбалары, үйрөнгөн көндүмдөрү жана жеке ой-пикирлерин айтып, жетекчилерине ыраазычылык билдиришти.

Жыйынтыктоочу сөзгө Режепова Эльмира   жана ТБК ПЦКсынын мугалимдерине берилип, алар студенттердин аракетин, жетишкендиктерин белгилеп, келечектеги ийгиликтерин каалашты. Студенттер окуу практиканы жогорку жоопкерчилик менен өткөнү баса белгиленди.