1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

ЖАМУда Кыргызстандагы кытай компанияларынын катышуусунда иш орундардын жарманкеси өткөрүлдү.

Жалал-Абад колледжинин бүтүрүүчүлөрү бул иш-чарага активдүү катышып, өздөрүнүн билим деңгээлин жана кесиптик даярдыгын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Жарманкеде төмөнкү компаниялар өздөрүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштырды: — «Central Park Hotel» (Жалал-Абад) — «Центральноазиатская энергетика» мунай иштетүү заводу — Мейманкана жана тейлөө тармагындагы эл аралык компаниялар

Иш-чаранын негизги өзгөчөлүгү – катышуучулар үчүн тил же адистик боюнча чектөөлөрдүн жоктугу болду. Студенттер ар кандай тилде резюме даярдап, түздөн-түз иш берүүчүлөр менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Бул сыяктуу жарманкелер жаш адистер үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүп, келечектеги карьералык багытын аныктоого жардам берет.