1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

Жумуш ордунда окутуу: «Сүрөтчү-кеңешчинин ишин байкап, үйрөнүү жана иштөөнү өздөштүрүү»

«Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдөө жана технологиясы» адистигинин 3-курс студенттеринин, квалификациялык иш алдындагы практикасынын алкагында Манас шаарындагы «Sewing House» тигүү цехинде жумуш ордунда окутуу өткөрүлдү. Окутуунун темасы «Сүрөтчү-кеңешчинин ишин байкап, үйрөнүү жана сүрөтчү-кеңешчи болуп иштөөнү өздөштүрүү» болду.

Сабактын жүрүшүндө студенттер тигүү өндүрүшүндөгү дизайн жана моделдөө боюнча практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүп, сүрөтчү-кеңешчинин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышты. Ошондой эле жаңы моделдин концепциясын иштеп чыгуу, кардарлар менен иштөө жана моделди өндүрүшкө даярдоо этаптары боюнча кеңири маалымат алышып, практикалык иштерди аткарышты.

Практикалык тапшырма катары студенттер жаңы моделдин аналог эскиздерин түзүү иштерин аткарышты. Алар тандалган моделдин техникалык сүрөтүн чийүү, анын сырткы көрүнүшүнө баяндама жазуу жана конструктивдик өзгөчөлүктөрүн иштеп чыгуу боюнча өз билимдерин практика жүзүндө бекемдешти.

Мындай практикалык сабактар студенттердин өз алдынча чыгармачыл иштөө жөндөмүн арттырып, тандап алган кесибинин татаалдыктарын терең түшүнүүгө жана заманбап тигүү өндүрүшүнүн талаптарына ылайык тажрыйба топтоого жол ачат.