1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

29

Жалал-Абад колледжинин студенттери Датка 500/220/35 кВ көмөк чордонунда

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Жалал-Абад колледжи менен Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын ортосунда түзүлгөн эки тараптуу кызматташтык келишиминин негизинде студенттер үчүн практикалык окутуу иш-чаралары ийгиликтүү уюштурулуп жатат. Аталган келишимге ылайык, Жалал-Абад колледжинин ЭСк-2-24 жана ЭССк-2-24 тайпаларынын студенттери окуу практикасынын алкагында өлкөдөгү стратегиялык мааниге ээ болгон Датка 500/220/35 кВ көмөк чордонуна барып, өндүрүш шартында билимдерин тереңдетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Практика учурунда студенттерге Энергетика жана ӨКК ПЦКсынын тажрыйбалуу окутуучулары тарабынан түздөн-түз жумуш ордунда окутуу уюштурулуп, электр жабдууларынын түзүлүшү, иштөө принциптери жана эксплуатациялоо эрежелери боюнча кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле студенттер көмөк чордондогу негизги жабдуулар – күч трансформаторлору, ажыраткычтар, шиналык тутумдар жана өлчөөчү приборлор менен жакындан таанышышты.  Мындан тышкары, практика учурунда коопсуздук техникасына өзгөчө көңүл бурулуп, электр энергиясы менен иштөөдө сакталуучу негизги эрежелер, өндүрүштүк тартип жана жоопкерчилик маселелери түшүндүрүлдү. Студенттер теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө керектүү көндүмдөрдү өздөштүрүштү.   Бул сыяктуу өндүрүштүк практикалар студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууда, эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди даярдоодо жана билим берүү менен өндүрүштүн ортосундагы байланышты бекемдөөдө маанилүү роль ойнойт.