1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

24

Окуу процессинде жумуш ордунда окутуунун заманбап ыкмалары: мастер-класс

Жалал-Абад колледжинде «Окуу процессинде жумуш орунда окутууну уюштуруу» темасында мазмундуу жана практикалык мааниге ээ мастер-класс өткөрүлдү. Иш-чараны колледждин тажрыйбалуу окутуучусу Шаимкулова Сабира жүргүздү.

Мастер-класстын жүрүшүндө жумуш ордунда окутууну эффективдүү уюштуруу, студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана заманбап билим берүү ыкмаларын колдонуу боюнча кеңири маалыматтар берилди. Катышуучулар үчүн интерактивдүү талкуулар, мисалдар жана практикалык тапшырмалар уюштурулуп, тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чарага колледждин окутуучулары активдүү катышып, өздөрүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана билим берүү процессин өркүндөтүүгө багытталган пайдалуу маалыматтарды алышты.

Бул сыяктуу мастер-класстар билим берүүнүн сапатын жогорулатууда жана окутуунун инновациялык ыкмаларын жайылтууда маанилүү ролду ойнойт.