1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

ЖАМУда Ачык эшиктер күнү.

Бекмамат Осмонов атындыгы Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинде мектеп бүтүрүүчүлөрү жана талапкерлер үчүн кезектеги «Ачык эшиктер күнү» жогорку деңгээлде өттү. Иш-чаранын башкы максаты — окуучуларга колледждеги кесиптер тууралуу маалымат берүү жана аларды чыгармачылык дүйнөсүнө кызыктыруу болду.

Кесип тандоо — жаркын келечекке жол

Күндүн башында келген конокторго колледжибиздин тарыхы, институттар жана сунушталган адистиктер тууралуу кеңири маалымат берилди. Окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышып, студенттик турмуштун артыкчылыктары менен таанышты.

Кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Иш-чаранын алкагында таланттуу студенттерибиз жана окутуучуларыбыз тарабынан даярдалган кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулду. Көргөзмөдө улуттук каада-салтты чагылдырган жана заманбап стилдеги уникалдуу эмгектер коюлуп, келген коноктордун өзгөчө суктануусун жаратты.

Чеберчилик сабактары (Мастер-класстар)

Окуучулар жөн гана көрүүчү болбостон, өздөрүнүн жөндөмдөрүн иш жүзүндө сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты:

- Сүрөт тартуу искусствосу: Мастер-класс учурунда окуучулар кыл калем менен иштөөнүн сырларын, боектордун түстөрүн туура айкалыштырууну жана сүрөт композициясын түзүүнү үйрөнүштү.

- Модель калыптоо (Наколка ыкмасы): Дизайн тармагына кызыккандар үчүн манекенде кездемени ийне менен калыптоо аркылуу кийимдин моделин түзүү боюнча өзгөчө сабак өтүлдү.

«Биз үчүн окуучулардын кызыгуусу чоң стимул болду. Алар активдүү суроолорду берип, ар бир кыймылыбызды кайталап жатышты. Бул биздин кесипке болгон сүйүүбүздү башкаларга өткөрүп берүү үчүн сонун мүмкүнчүлүк болду»

Биздин эшигибиз сиздер үчүн ар дайым ачык! Өз талантыңды биз менен бирге өнүктүр!

ЖАМУ — сенин ийгилигиңдин башаты!