1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

27

“Вольт Мастер” кружогу өз ишин жүргүзүүдө

Жалал-Абад колледжинин Энергетика жана өзгөчө кырдаалдардан коргоо ПЦКсында студенттердин теориялык билимдерин тереңдетүү жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында “Вольт Мастер” аттуу кружок өз ишин активдүү жүргүзүүдө.

Кружоктун негизги максаты – студенттердин электр тармагындагы кесиптик билимин жогорулатуу, заманбап технологиялар менен иштөө жөндөмүн калыптандыруу жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү болуп саналат. Ошондой эле катышуучулар электр жабдуулары менен иштөө, схемаларды түзүү жана талдоо, коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча практикалык тажрыйба топтошууда.

Кружоктун алкагында атайын даярдалган окуу бөлмөсүндө монтаждык иштер жүргүзүлүп, студенттер электр өткөргүчтөрдү туура туташтыруу, электр калканчтарын чогултуу, розетка жана өчүргүчтөрдү орнотуу, ошондой эле ички электр тармактарын монтаждоо боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүдө. Бул иштер студенттердин реалдуу өндүрүш шарттарына жакын тажрыйба алышына чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

Мындан сырткары, кружоктун алкагында мастер-класстар, практикалык сабактар жана кичи долбоорлор уюштурулуп, студенттердин өз алдынча иштөө жөндөмдөрү чыңдалууда. Бул иш-чаралар алардын кесипке болгон кызыгуусун арттырып, келечектеги адис катары калыптанышына өбөлгө түзөт.

“Вольт Мастер” кружогу – бул билим менен практиканы айкалыштырган, студенттердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган маанилүү аянтча болуп эсептелет.