АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУ КЕСИПТИК БИЛИМИН ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫН УЛАНТУУДА
Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинде Жалал-Абад облусунун 11 баштапкы кесиптик окуу жайларынын 34 өкүлү өз адистиктери боюнча кесиптик билимин жогорулатуу курсунан өтүп жатышат. Курс тигүүчүлүк боюнча окутуунун устаттары менен компьютердик сабаттуулугун жогорулатууну каалаган окутуунун устаттары үчүн жүрүүдө. Курс ЖАК алдыңкы тажрыйба борборунун заманбап жабдылган окуу лабораториясында менен тигүү цехинде уюштурулуп анда окутууну тажрыйбалуу тренер-окутуучулар К.Мырзабаева, Д.Калдарова, М.Жолдошева жана А.Сатимбаева өтүшүүдө.
Карабекова Анархан №39 кесиптик лицейдин өндүрүштүк окутуунун усататы болуп эмгектенет, анын айтымында “... Курс мен үчүн өтө чоң жардам болуп жатат, себеби, буга чейин даяр лекалдар менен гана иштеп келсем, бүгүнкү курстан кийин лекалдарды өзүм даярдоонун эң жөнөкөй жана жеткиликтүү жолун үйрөнүп алдым. Эми, буйурса, өз окуучуларымдын мыкты адис болуп чыгышына өтүп жаткан окуу шарт түзөөрүнө ишенемин жана мындай курстар такай уюштурулуп турушун каалайт элем”.
Кимсанбаева Жамийла №75 кесиптик лицейдин окутуучусу “... компьютер менен иштөө заман талабы болуп калды. Биздин да окутуу-тарбиялоо ишибизде маалымат-коммуникация технологияларын кеңири колдоно баштадык, бирок учурунда окубагандыгыбыздын эсебинен бир аксап жаткандыгыбызды тана албайбыз. Окуу жайдын 19 өкүлү учурда Жалал-Абада колледжи алдыңкы тажрыйба борборунда окуп жатабыз, окуу абдан жандуу , кызыктуу өтүүдө. Өз милдеттерибизди аткарууда компьютердик сабаттуулугубуздун көтөрүлүшү ишбиздин алга жылышына чоң өбөлгө болооруна ишенемин...”.
Жалал-Абад колледжи алдыңкы тажрыйба борбору аймактагы башталгыч жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын кесиптик дараметин жогорулатууга көмөктөшүүгө дайыма даяр экендигин билдирет.
Айта кетсек, билимин жогорулатуу курсу Азия өнүктүрүү банкы каржылаган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.