1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

7

Жалал-Абад колледжинде “Эл деми” долбоорунун алкагында зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу боюнча маалыматтык жолугушуу болуп өттү

Коомчулуктун зордук-зомбулукка негизделген экстремизмге жана радикалдашууга каршы туруктуулугун жогорулатуу максатында түшүндүрүү иши болуп өттү.  Иш чаранын катышуучулары:

1.     Алдосова Бактыгул, Ч.Айтматов МАБтын ибашчысы

2.     Кайсарбаев Нурбек, КРнын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү

3.     Калдаров Урмат, Ички иштер башкармалыгынын экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы бөлүмүнүн башчысы

4.     Ниязова Асель, участкалык инспектор

5.     Эгембердиева Рабия, Жалал-Абад колледжинин соц.педагогу

6.     Алмырзаева Мээрим, Жалал-Абад колледжинин МТ жана ТИ боюнча директордун орун басары

Иш чарада студенттер зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалымат алышып, видеороликтерди көрүштү. Ошондой эле  диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча кеңири түшүнүк алышып, өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.