1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

ЖАКта 12-апрель – Бүткүл дүйнөлүк космонавтика күнү белгиленди

Жалал-Абад колледжинде 12-апрель – Бүткүл дүйнөлүк космонавтика күнүнө карата студенттердин катышуусунда атайын иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – жаштардын илимге, айрыкча астрономия жана космонавтика тармагына болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле адамзаттын космосту өздөштүрүүдөгү жетишкендиктери тууралуу кеңири маалымат берүү болду. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер космос темасына арналган баяндамаларды жасап, презентациялар аркылуу космостук изилдөөлөрдүн тарыхы жана бүгүнкү күндөгү өнүгүүсү жөнүндө маалымат беришти. Мындан тышкары, катышуучулар арасында кызыктуу викториналар уюштурулуп, космоско байланыштуу суроолорго жооп берүү менен өз билимдерин сынашты Бул иш-чара студенттердин илимий ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, жаңы маалыматтарды өздөштүрүүгө жана келечекте илим тармагына болгон кызыгуусун арттырууга чоң өбөлгө түздү.