1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

10

Практика учурунда жумуш ордунда окутуу ийгиликтүү өттү

2026-жылдын 15-апрелинде ЛЕК окуу борборунда практиканттар үчүн жумуш ордунда окутуу уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул иш-чара студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болду.

Окутуунун алкагында студенттер өздөрү даярдаган мини-проекттерин тааныштырышып, заманбап технологияларды колдонуудагы жөндөмдөрүн көрсөтө алышты. Ар бир долбоор чыгармачылык менен даярдалып, практикалык мааниси менен өзгөчөлөндү.

Иш-чарага ПОВТАСК-3-24 жана ПОВТАСК-6-24 тайпаларынын студенттери активдүү катышып, жетекчилери менен биргеликте талыкпай даярданышкан. Натыйжада, студенттер өз иштерин ишенимдүү коргоп, жогорку баага татыктуу болушту.

Өндүрүштүк практиканын жүрүшүн координациялоодо жана студенттерге методикалык колдоо көрсөтүүдө өндүрүштүк практика жетекчилери Элмира Кадыркуловна, Кудайбердиева Умутай эжеке, ошондой эле ЖАКтын практика жетекчилери Калдарова Д.К., Айдарова Б.М., Асылбекова А., Калилова Р., Бектурова А. эжекелер чоң салым кошушту.

Иш-чаранын жыйынтыгында активдүү катышкан студенттерге жана жетекчилерге ыраазычылык билдирилип, ЛЕК окуу борбору тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды.

Мындай иш-чаралар келечектеги адистерди даярдоодо чоң роль ойноп, алардын кесиптик багытын аныктоого жана иш тажрыйбасын арттырууга өбөлгө түзөт.