1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

50

Энергетика багытында бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу: окуу планы жана кесиптик даярдык талкууланды

Алдыңкы тажрыйба борборунда Жалал-Абад колледжинин Энергетика жана ӨКК ПЦКсынын 2024–2025-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу уюштурулду.

Иш-чарага Электр менен жабдуу адистигинин  бүтүрүүчүлөрү — «Манас электр энергиясын сатуу ишканасынын» жетектөөчү инспектору Муратбеков Жаныбек Жумаалыевич жана «Манас РЭТ» ишканасынын ЭТЛ бөлүмүнүн электр монтеру Сапарали уулу Улукбек катышышты.

Жолугушуунун негизги максаты — жаңы окуу планын талкуулоо, «бүтүрүүчүнүн моделинин» концепциясын кароо жана негизги кесиптик билим берүү программасы (НББП) боюнча сунуш-пикирлерди угуу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн окуу учурундагы тажрыйбалары, практикалык даярдыктары жана жумушка орношуудагы кыйынчылыктары тууралуу ой-пикирлерин бөлүшүштү.

Ошондой эле бүтүрүүчүлөр модулдук жана экзамендик тапшыруулар боюнча сунуштарын билдиришти. Алардын айтымында, айрым сабактарды экзамендик билет формасында тапшыруу ылайыктуу болуп саналат. Бул ыкма студенттердин өз оюн кеңири жана так түшүндүрүүсүнө шарт түзүп, алардын сүйлөө маданиятын жана сөз байлыгын өнүктүрөт. Жумушка орношуу учурунда техника коопсуздугу боюнча экзамендер көбүнчө билет формасында өткөрүлөрүн белгилешти. Ошондуктан, окуу процессинде да ушундай форматты колдонуу алардын кесиптик даярдыгын жогорулатууга өбөлгө түзөрү айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында окуу программасын өркүндөтүү, практикага багытталган окутууну күчөтүү жана студенттердин кесиптик компетенцияларын жогорулатуу боюнча бир катар сунуштар иштелип чыкты.

Мындай иш-чаралар билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзөт.