1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

«Өзгөчө кырдаалдардан коргонуу» адистиги боюнча бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу: билим берүү программасын өркүндөтүү багытында

2026-жылдын 14-апрелинде Жалал-Абад колледжинде пландалган иш-чаралардын алкагында Энергетика жана Өзгөчө кырдаалдар ПЦКсында «Өзгөчө кырдаалдардан коргонуу» адистигинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу уюштурулду.

Жолугушууга аталган адистиктин бүтүрүүчүлөрү, Сузак району боюнча №65 ОККБнын радиотелефонисти Барпыбаева Г.Б., Рахманов М., Абдимиталипов Э. жана Токтомуратов К. катышышты.

Иш-чаранын негизги максаты — Өзгөчө кырдаалдардан коргонуу адистиги боюнча негизги кесиптик билим берүү программасын талкуулоо жана аны өркүндөтүү боюнча пикир алмашуу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, окуу процессин жакшыртуу боюнча сунуштарын билдиришти.

Талкуунун жыйынтыгында төмөнкү сунуштар айтылды:

  • «Кесиптик ишмердүүлүктөгү маалыматтык технологиялар» дисциплинасын окуу программасына киргизүү;
  •  «Infodox» мамлекеттик электрондук документ жүгүртүү системасы (ЭДС) менен иштөө боюнча практикалык окууну кеңейтүү.

Жолугушуу мазмундуу жана пайдалуу өтүп, айтылган сунуштар билим берүү программасын өркүндөтүүдө маанилүү багыт катары белгиленди.