1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

59

Жалал-Абад колледжинде өндүрүш менен билим берүүнүн байланышы чыңдалууда.

Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинде өндүрүш менен билим берүүнүн байланышын чыңдоо максатында иш берүүчү менен маектешүү өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө иш берүүчүгө суроолорду берип, ишкананын ишмердүүлүгү, адистерге коюлган талаптар жана келечектеги жумуш мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алынды.

Маек учурунда Энергетика жана ӨКК ПЦКсынын практика жетекчиси Х.С.Маматалиева менен  Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын адистер бөлүмүнүн башчысы А.Сатыбалдыеванын  ортосунда төмөнкүдөй суроо-жооп форматындагы интервью жүргүзүлдү.

-Саламатсызбы? Сиз менен Энергетика багытындагы адистиктер  менен болгон кызматташтык тууралуу сүйлөшөлү. Бир нече жылдан бери биздин колледж менен аталган ишкана тыгыз кызматташып келет. Алгач төмөнкү суроого жооп берсеңиз.

Сиз Жалал-Абад колледжинин Энергетика багытындагы адистиги тууралуу маалыматыңыз барбы?

-Ооба, албетте. Жалал-Абад колледжи аймактагы кесиптик билим берүүчү маанилүү окуу жайлардын бири болуп саналат. Колледжде энергетика тармагына керектүү адистер даярдалып, студенттерге теориялык билим менен катар практикалык көндүмдөр да берилет.

Окуу жайдагы заманбап талаптарга ылайык окуу базасы студенттерди келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдайт.

-Жалал-Абад электр тармактары ишканасына практика өтүүгө келген студенттердин билим деңгээли жана кесиптик даярдыгы сизди канааттандырабы?

-Жалал-Абад электр тармактар ишканасы «КУЭТ” ААКнын филиалы катары ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Негизинен биздин ишкана кайсыл окуу жайдан практиканттар жөнөтүлбөсүн, аларга практика учурундагы милдеттери, эмнелерге көңүл буруусу керектигин түшүндүрүп, бир бөлүмгө бөлүштүрүп беребиз. Акыркы жылдарда өлкөбүздүн өнүгүүсү менен катар энергетика тармагында да өсүүлөр арбын. Заманбап тейлөө, санарип технологиялар, акыркы үлгүдөгү электр жабдуулары – энергетиктердин кызматын жеңилдетүүдө. Бул багытта атайын адистерибиз окуулардан өтүп турушат. Ал эми бизге келишкен практиканттар жаңы жабдуулардын иштөөсү боюнча түшүнүп, багыт алышат.

Жалпысынан алганда, студенттер жакшы даярдык менен келишет. Алардан электр жабдуулары, коопсуздук эрежелери жана энергетикалык жабдуулардын иштөө принциптери боюнча негизги теориялык билими жакшы экендигин байкоого болот. Практика учурунда студенттер өздөрүнүн жоопкерчилигин, тартиптүүлүгүн жана үйрөнүүгө болгон кызыгуусун көрсөтүшөт. Кээ бир студенттер жаңы маалыматтарды тез өздөштүрүп, иш процессине активдүү катышып, демилге көрсөтүшөт. Бул сапаттар келечектеги энергетик адистер үчүн абдан маанилүү.

-Колледж менен ишкананын кызматташтыгы сиздин оюңузча кандай мааниге ээ?

-Бул кызматташтык эки тарап үчүн тең пайдалуу деп эсептейм. Студенттер өндүрүштүк практика аркылуу чыныгы иш шарттарын көрүп, алган билимдерин практика жүзүндө бекемдей алышат.

Ал эми ишкана үчүн болсо келечектеги адистерди алдын ала таанып-билүүгө, алардын жөндөмдүүлүгүн баалоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле жаш адистерди даярдоодо колледж менен биргеликте иш алып баруу энергетика тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошот.

-Сиз Жалал-Абад колледжинин Энергетика багытындагы адистигинин келечегин кандай көрөсүз?

-Менин оюмча, бул адистиктин келечеги абдан кең. Бүгүнкү күндө электр энергиясына болгон талап жылдан-жылга өсүүдө. Ошондуктан энергетика тармагында квалификациялуу адистерге дайыма муктаждык бар. Эгер колледж теориялык билим менен практикалык даярдыкты айкалыштырып, заманбап технологияларды окутуу процессине киргизүүнү уланта берсе, анда бул адистиктен мыкты энергетиктер чыгат деп ишенем.

Биз дагы мындан ары да Жалал-Абад колледжи менен кызматташтыкты улантып, студенттерди практикадан өткөрүүгө даярбыз.

Сатыбалдиева Анархан Нурилаевна кызматташтыгыңыз жана кызыктуу маегиңиз үчүн чоң рахмат.! Сиздинда ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз.