1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

30

Мастер-класс: Дезинсекция жана эритмелерди даярдоо

Ветеринария ПЦКсынын окутуучусу Жолонбаева Бегимай тарабынан чарбада жана агроветдарыканасында дезинсекция,  аны жүргузүү ыкмалары менен таанышуу. Эритмелерди даярдоо ыкмасын үйрөнүү. Эритмелерди даярдоодо коопсуздук эрежелери менен таанышуу жана сактоо деген темада мастер-класс өткөрүлдү.Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер дезинсекциянын негизги ыкмалары менен таанышып, курт-кумурскаларга каршы күрөшүүнүн эффективдүү жолдорун практикалык негизде өздөштүрүштү. Ошондой эле агроветдарыканасында колдонулуучу препараттар жана алардын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алышты.

Практикалык бөлүктө студенттер эритмелерди туура даярдоону үйрөнүп, керектүү концентрацияны аныктоо, өлчөө жана аралаштыруу ыкмаларын өздөштүрүштү. Мындан тышкары, алар инфекциянын очогун дезинфекциялоо иштерине катышып, алынган билимдерин практикада колдонууга мүмкүнчүлүк алышты.

Коопсуздук эрежелерине өзгөчө көңүл бурулуп, химиялык заттар менен иштөөдө жеке коргонуу каражаттарын колдонуу жана санитардык талаптарды сактоо түшүндүрүлдү.

Бул мастер-класс студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүп, кесиптик даярдыгын жогорулатууга чоң салым кошту.