1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

Окуу-таанышуу практикасына жайгаштыруу

Алдыңкы тажрыйба борборунун Тигүү буюмдарын конструкциялоо адистигинде окуган 2-курстун студенттери окуу графигине ылайык 2 жумалык окуу-таанышуу практикасына чыгышты. Студенттерди практика өтүүчү өндүрүштүк  цехтерге окуу жайдын окутуучулары жайгаштырышты Практиканын жүрүшүндө студенттер цехтин жетекчиси менен таанышып, иштин уюштурулушу, өндүрүш процесси жана коопсуздук эрежелери тууралуу кеңири маалымат алышты. Ошондой эле алар ички тартип эрежелери, жабдууларды туура колдонуу, эмгек коргоо талаптары жана техникалык коопсуздук боюнча нускамалар менен таанышышты. Практика учурунда студенттер теориялык билимдерин бекемдеп, өндүрүш шартында иштөөнүн алгачкы көндүмдөрүн өздөштүрүштү.