1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

ЖАКта ачык сабактардын жүрүшү уланууда.

Ачык сабактын негизги максаты окутуучулардын педагогикалык чеберчиликтерин өнүктүрүү, заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу,  тажрыйбасын жайылтуу жана билим сапатын жогорулатуу болуп саналат. Ошондой эле ачык сабактар аркылуу студенттердин билим деңгээлин, ой жүгүртүү жөндөмүн жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү, сабакты уюштуруунун натыйжалуугуң талдоо жана тажрыйба  алмашуу максатында ачык сабактар өтүлүүдө. Учурда Жалпы билим берүү ПЦКсынын окутуучулары жана АСжМ ПЦКСынын окутуучулары өтүп жатышат.  Окутуучулар өз предметтеринен ачык сабактарды өткөрүшүп, окутуунун жаңы ыкмаларын жана инновациялык технологияларды колдонуу тажрыйбалары менен бөлүшүшүп, ар бир окутуучу өзүнүн сабагында студенттерди активдүү окутуу ыкмаларын колдонууга, жекече иштөө, топто иштөө  жана чыгармачылыкты өнүктүрүүгө басым жасашты.  

Сабактар интерактивдүү методдор, презентациялар, видеоматериалдар, практикалык тапшырмалар менен коштолду.

Методикалык бирикмелер тарабынан сабактарга мониторинг жүргүзүлүп,  ар бир сабак талдоодон өткөрүлдү. Талдоо учурунда сабактын максатынын тактыгы, колдонулган усулдардын натыйжалуулугу жана студенттердин катышуусу бааланды.

Катышкан окутуучулар бири-биринин сабактарын байкап, пайдалуу методикалык сунуштарды алышып, өз иш тажрыйбасын өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле студенттер үчүн мындай сабактар окууга болгон кызыгууну арттырды жана предметтерди тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түздү.

Бул иш-чара окутуучулардын педагогикалык чеберчилигин арттырууда жана колледждеги билим сапатын жогорулатууда маанилүү роль ойнойт.

АСжМ ПЦКсынын окутуучулары: Мусаева Эльмира, Мамбеткожоева Анара, Калдарова Динара, Түмөнбаева Зинаш, Исманова Тынара, Полотова Алима,  Жумабаева Замира,   Абдыразакова Гулмира, Тумонбаева Мыскалдар сабактарды жогорку деңгээлде өтүштү.

Жалпы билим берүү ПЦКсынын окутуучулары: Омуралиева Махабат Ишеновна, Карабекова Чынара, Досова Чолпон, Мамытова Айгүл, Бабакулова Гулкыз, Эсенкулова Назгүлдөр жогорку деңгээлде ачык сабактарды өтүштү

Жалал-Абад колледжинин окутуучуларына ийгилик!