1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

БАС адистигинин окуу-таанышуу практикасына жөнөтүү конференциясы

Жалал-Абад колледжинин 2025-2026-окуу жылынын окуу планына жана окуу процессинин графигине ылайык, АС жана М ПЦКсынын Маалыматты иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу адистигинин БАС 2-курстун студенттерине 02.03.26 - 14.03.2026-ж чейин окуу таанышуу практика пландалган. 

Конференцияга Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүнөн  Жолдошалиева Н.С. жана өндүрүштүк  практика жетекчиси Режапова Эльмира  катышты. АС жана М ПЦКсынын төрагасы Калдарова Д. К.студенттердин жол картасы боюнча кенен маалымат берди  БАС  адистигинин практика жетекчиси Г.А. Абдразакова тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү. 

Окуу таанышуу  практикага  студенттер окуу жай менен келишими бар ишканаларга бөлүнүп, өздөрүнүн теориялык алган билимдерин бышыктап, көрсөтүлгөн мөөнөт менен практиканы өтөөгө жөнөтүлдү. Окуу таанышуу   практикага жөнөтүү конференциясында санитардык-гигиеналык, коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү мене ар бир студентке кайсы мекемеге бөлүнгөн болсо жолдомолор берилип, жол карталар менен кошо жөнөтүлдү.