1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

БАС адистигинин окуу-таанышуу практикасынын жыйынтыктоо конференциясы

ЖАМУнун Алдынкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжининин АС жана М ПЦКсынын Маалыматты иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу адистигинин БАС 2-курс тайпаларынын студенттерине 2.03. - 14.03.2026-ж чейин окуу таанышуу практикасынын жыйынтыктоо конференциясы 24-мартта болуп өттү.

Конференцияга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк  практиканы уюштуруу бөлүмүнөн Нурия Султановна, өндүрүштүк  практика жетекчиси Режапова Элмира, АС жана М ПЦКсынын төрагасы Калдарова Д. К, БАС адистигинин практика жетекчиси Абдразакова Г.А. жана практиканын жетекчилери Маманова Б. А., Алиев Б., Айдарова Б., Алмаз кызы А., Акматалиева Б., Аскаров Ж., Туманбаева М., Ахмадалиева М., Исманова Т ж.б. окутуучулар да катышышты.

Студенттер өздөрү бөлүнгөн жерлерде практика өтөөдө кандай өзгөчөлүктөр бар экенин жана кандай айырмачылыктар  болгонун, көптөгөн тажрыйбаларды алганын, колледжде алган теориялык билимдерин практика жүзүндө колдоно алышканын презентация жасап  көрсөтүп кетишти.

Практика учурунда жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөндүгү үчүн “Ыраазычылык кат” алышкандыгы менен өзгөчөлөнүп турушту.

Студенттердин тапшырган отчетторун угуп, көрүп жыйынтыгында ПЦКнын жетекчиси Калдарова Д.К., ЖАКтын практика жетекчиси Режапова Эльмира эжекелер студенттерге ыраазычылык билдирип ийгилик каалашты.

Негизинен конференция жакшы өттү, студенттердин практикадан тажрыйба алып келгени байкалып турду.