1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

ПОВТАС адистигинин 2-курс студенттери окуу-таанышуу практикасын ийгиликтүү өтөшүүдө

Жалал-Абад колледжинин ПОВТАС адистигинин 2-курсунун студенттери үчүн кесиптик багыттагы алгачкы кадамдар башталды. Учурда алар тандаган адистиктери боюнча окуу-таанышуу практикасынан ийгиликтүү өтүшүүдө.

Бул практиканын негизги максаты — студенттерди болочок кесибинин өзгөчөлүктөрү менен жакындан тааныштыруу, теориялык билимдердин иш жүзүндө кандай колдонуларын көрсөтүү жана өндүрүштүк чөйрөгө адаптациялоо болуп саналат.

Практиканын жүрүшүндө студенттер төмөнкүлөр менен таанышып жатышат: Тиешелүү мекеме-ишканалардын түзүмү жана иш тартиби; Заманбап технологиялык жабдыктар жана программалык камсыздоолор; Кесиптик этика жана эмгекти коргоо эрежелери.

Студенттер берилген тапшырмаларды кызыгуу менен аткарып, адистердин кеңештерин угуу менен бирге өз алдынча изденүүнүн үстүндө иштешүүдө. Практика жетекчилеринин айтымында, 2-курстун студенттери активдүүлүгүн көрсөтүп, кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүгө чоң дилгирлик менен мамиле кылышууда.

Окуу-таанышуу практикасы студенттердин кесипкөй адис катары калыптанышына бекем пайдубал болуп берет деп ишенебиз.