1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

36

Жалал-Абад колледжиндеги БАС адистинин квалификация алдындагы практикасы

Жалал-Абад колледжинин 2025-2026-окуу жылынын окуу планына жана окуу процессинин графигине ылайык, АС жана М ПЦКсынын Маалыматты иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу адистигинин БАСк-01-24 БАСк-2,3-23 тайпаларынын студенттерине 02.03.26 - 18.04.2026-ж чейин Квалификация алдындагы практика пландалган. 

Конференцияга Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүнөн  Жолдошалиева Н.С. жана өндүрүштүк практика жетекчиси Режапова Элмира  катышты. АС жана М ПЦКсынын төрагасы Калдарова Д. К.студенттердин жол картасы боюнча кенен маалымат берди БАС адистигинин практика жетекчиси Г.А. Абдразакова тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү. 

Квалификация алдындагы  практикага  студенттер окуу жай менен келишими бар ишканаларга бөлүнүп, өздөрүнүн теориялык алган билимдерин бышыктап, көрсөтүлгөн мөөнөт менен практиканы өтөөгө жөнөтүлдү. Квалификация алдындагы практикага жөнөтүү конференциясында санитардык-гигиеналык, коопсуздук эрежелери боюнча түшундүрүү иштерин жүргүзүү мене ар бир студентке кайсы мекемеге бөлүнгөн болсо жолдомолор берилип, жол карталар менен кошо жөнөтүлдү.