1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

32

ПОВТАС адистигинин студенттери квалификация алдындагы практикага жөнөтүлдү

2026-жылдын 10-апрель күнү Жалал-Абад  ПОВТАС  адистигинин бүтүрүүчү тайпалары үчүн квалификация алдындагы практикага жөнөтүү боюнча багыттоочу конференция болуп өттү.

Конференциянын жүрүшүндө практиканын максаттары, милдеттери жана студенттердин өндүрүштүк ишканаларда иштөө тартиби боюнча маанилүү маалыматтар берилди. Иш-чарага АСжана М ПЦКсынын башчысы Калдарова Д.К., , ЖАКтын өндүрүштүк практика бөлүмүнүн жетекчиси Режапова Э.А., ПОВТАС адистиги боюнча практика жетекчиси Айдарова Б.М. жана практика жетекчилери катышышты.

Жетекчилер өз сөздөрүндө студенттерге практика учурунда толтурулуучу документтер, техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо жана кесиптик көндүмдөрдү тереңдетүү боюнча тиешелүү нускамаларды берип сүйлөштү. Ошондой эле, бүтүрүүчүлөрдү алган теориялык билимдерин өндүрүштө ийгиликтүү колдонууга жана квалификациялык иштерине керектүү материалдарды сапаттуу топтоого чакырышты.