1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

ПОВТАС адистигинин студенттери практикалык иштерин башташты

2026-жылдын 13-апрель күнү  ПОВТАС адистигинин бүтүрүүчүлөрү квалификация алдындагы практика боюнча өздөрүнө бөлүнгөн мекеме-ишканаларга ийгиликтүү жайгашышты.

Студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында уюштурулган бул иш тажрыйбасы 29-майга чейин уланат. Учурда практиканттар тиешелүү мекемелердин иштөө тартиби менен таанышып, программалык камсыздоо жана маалыматтык системаларды башкаруу багытында алгачкы тапшырмаларын аткарууга киришти.

Практика жетекчилери белгилегендей, студенттердин өндүрүштүк чөйрөгө ийгиликтүү жайгашуусу — бул алардын алган теориялык билимдерин иш жүзүндө колдонууга болгон даярдыгынын көрсөткүчү. Алдыдагы апталарда студенттер программалоо, маалыматтар базасын тейлөө жана тармактык технологиялар боюнча тажрыйба топтоп, өздөрүнүн квалификациялык иштерин жактоо үчүн зарыл болгон материалдарды даярдашат.

Биздин студенттерге өндүрүштүк чөйрөдө ийгиликтерди жана кесиптик жаңы ачылыштарды каалайбыз!