1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

4 месяца назад

76

ЖАКтын ПОВТАС адистигинин  2-курстарын окуу-таанышуу практикасына жөнөтүү конференциясы

Жалал-Абад колледжинин окуу графигине ылайык ПОВТАС  адистигинин 2-курсунун  студенттери үчүн окуу-таанышуу практикасына жөнөтүү конференциясы өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында студенттерге практика тууралуу толук маалымат берилип, анын мааниси жана максаттары кеңири түшүндүрүлдү.

 Конференцияда ПОВТАС адистигинин практика  жетекчиси Айдарова Б.,  сөз сүйлөп, АСжанаМ ПЦКсынын башчысы Калдарова Динара эжеке конференцияны ачып берип,  практика студенттер үчүн өтө маанилүү этап экенин белгиледи. Ал өз сөзүндө студенттер теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдеп, мекемелердин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышарын айтты. Ошондой эле практика учурунда тартипти сактоо, жоопкерчиликтүү болуу жана ар бир тапшырманы так аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.

Андан сырткары конференцияга ЖАКтын өндүрүштүк практиканын жетекчиси Режапова Э.А. ошондой эле практика жетекчилери катышышты.

Жыйынтыгында, конференция мазмундуу өтүп, студенттер практика боюнча керектүү маалыматтарды алышты жана алдыдагы окуу-таанышуу практикасына даяр экендиктерин билдиришти.