1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

1

Энергетиктердин алгачкы окуу-таанышуу практикасы

Жалал-Абад колледжинин Алдыңкы тажрыйба борборунда Энергетика жана ӨКК ПЦКсынын ЭСк-2-24 жана ЭССк-2-24 тайпаларынын студенттери үчүн алгачкы окуу-таанышуу практикасынын жөнөтүү конференциясы уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага колледждин өндүрүштүк практика жетекчисиЭ.А.Режапова ошондой эле жалпы практика жетекчилери жана студенттер активдүү катышышты. Конференциянын жүрүшүндө студенттерге практика өтүү тартиби, коопсуздук эрежелери, өндүрүштүк дисциплина жана кесиптик жүрүм-турум тууралуу кеңири маалымат берилди. Иш-чаранын негизги максаты – студенттерди болочок кесиптик ишмердүүлүккө багыттоо, теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдөө, өндүрүштүк чөйрө менен тааныштыруу жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө шарт түзүү болуп саналат. Студенттер Жалал-Абад электр тармактары жана райондук электр тармактарына мындан сырткары жеке ишканалар

Реновант ЖЧК

Энерго курулуш ЖЧК

Сапат Электро  ЖЧКларынада студенттер бөлүндү.

Студенттерге практика учурунда иш берүүчүлөр менен туура мамиле түзүү, эмгек коопсуздугун сактоо, техникалык талаптарды так аткаруу жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарылдыгы өзгөчө белгиленди.

Жыйынтыгында студенттерге практикадан ийгиликтүү өтүп келүү каалоо-тилектери айтылып, аларга тиешелүү багыттар боюнча тапшырмалар берилди.