1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

1

Практикага багыт берүүчү конференция

Жалал-Абад колледжинин Техника ПЦКсында ТЭМк-01-25, ТЭМк-2,3,4-24, ТОиРАТк-2-24 жана ЖДк-01-25 тайпалары үчүн окуу-таанышуу практикасына арналган конференция өткөрүлдү. Иш-чара студенттерди алдыдагы практикага даярдоого жана алардын кесиптик багытын тактоого багытталды. Конференциянын жүрүшүндө студенттерге практика өтүүнүн максаттары, милдеттери, коопсуздук эрежелери жана ишканалардагы жоопкерчилик тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле практика учурунда өзүн алып жүрүү, дисциплина жана кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча маанилүү сунуштар айтылды.

Бул конференция студенттер үчүн теориялык билимди практика менен айкалыштырууга шарт түзүп, алардын келечектеги кесиптик өсүүсүнө бекем негиз болуп кызмат кылат.