1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

3

Моделди баяндоо, өзгөчөлүктөрүн көргөзүү, моделдин техникалык сүрөтүн чийүү; тандалган материалдардын конфекциондук картасын түзүү

ТБК ПЦКсынын мугалими Нуркулова Аселя Калиловна тарабынан окуу-практикалык жайда жогоруда аталган тема боюнча студенттерге практикалык сабак өтүлдү

Сабактын негизги максаты – студенттердин теориялык билимдерин практикалык иштер аркылуу бекемдөө, моделди туура түшүнүү, аны сүрөттөп берүү, техникалык жактан так чийме түзүү жана материалдарды туура тандоо көндүмдөрүн калыптандыруу болду.

Сабактын жүрүшүндө студенттер төмөнкү иштерди аткарышты:

Тандалган моделди толук баяндап, анын негизги өзгөчөлүктөрүн (форма, силуэт, конструкциялык элементтер) аныкташты.

Моделдин техникалык сүрөтүн чийишти, анда бардык тигиштер, деталдар жана пропорциялар так көрсөтүлдү

Ар бир студент өз моделине ылайык материалдарды тандап, алардын касиеттерин (түсү, текстурасы, тыгыздыгы) негиздеп беришти.

Практикалык иш учурунда мугалим студенттерге ар тараптуу методикалык жардам көрсөтүп, ар бир тапшырманын туура жана сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөдү. Студенттер өз алдынча иштөө менен бирге чыгармачылык мамилени да көрсөтүштү.

Жалпысынан, практикалык сабак жогорку деңгээлде өтүп, коюлган максаттар толугу менен ишке ашырылды.