1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

2

Ветеринария адистигинин студенттери үчүн мастер класс өткөрүлдү

Ветеринария адистиги боюнча «Жаныбарлардын ылаңдарынын  алдын алуу ишин үйрөнүү, эмдөө жана дегельминтизация иштерине катышуу, ветеринардык документтерди (эмдөө китепчеси, каттоо барагы) туура жүргүзүү» темасында мастер-класс өткөрүлдү. Аталган мастер-классты окутуучу Ветеринария ПЦКсынын окутуучусу Жолонбаева Бегимай өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге жаныбарлардын ылаңдарынын алдын алуу жолдору, эмдөө жүргүзүүнүн тартиби, дегельминтизация иштеринин мааниси жана аны туура аткаруу боюнча кеңири маалымат берилди.  Ошондой эле акыркы мезгилде шарп ылаңы  көп катталгандыгына байланыштуу, бул ылаңга өзгөчө көңүл бурулуп, анын пайда болуу себептери, жайылуу жолдору, алдын алуу жана күрөшүү чаралары кеңири түшүндүрүлдү.  Мындан сырткары ветеринардык документтерди — эмдөө китепчесин жана каттоо барагын туура толтуруу, жүргүзүү тартиби практикалык мисалдардын негизинде көрсөтүлдү. Студенттер мастер-класста активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты.  Жыйынтыгында мастер-класс студенттердин теориялык билимдерин бекемдеп, практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган пайдалуу иш-чара болду.