1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

2

Студенттерди жумуш орунда окутуу уланууда

 «Шаң-стиль» цехинде «Даярдалган буюмдун сапатын жана келбетке отурушун текшерүү, оңдоп-түзөөлөрдү жүргүзүү» темасында өндүрүштүк практика учурунда ЖООну  Мамажунусова Н.С өтүп берди . Иш-чарага практикант студенттер жана өндүрүш жетекчилери катышты.

Сабактын жүрүшүндө студенттер даяр кийимдин сапатын баалоонун негизги талаптарын, тигиштердин тактыгын, форманын тууралыгын жана буюмдун адамдын келбетине отурушун текшерүүнүн ыкмаларын өздөштүрүштү. Өзгөчө көңүл кийимдин денеге ылайыктуу болушуна, ыңгайлуулугуна жана эстетикалык көрүнүшүнө бурулду.

Практикалык бөлүктө студенттер даяр буюмду кийип көрүп, примерка жүргүзүштү. Текшерүү учурунда аныкталган кемчиликтер талданып, керектүү жерлерине оңдоп-түзөөлөр киргизилди.

Бул практикалык сабак студенттерге сапатты көзөмөлдөө, туура отургузуу жана даяр продукцияны талапка ылайык жеткирүү боюнча маанилүү көндүмдөрдү калыптандырды.