1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

2

Мастер-класс: Малдардан бруцеллезго анализ алуу жана лабораторияга жөнөтүү

Ветеринария ПЦКсынын окутуучусу Абдыкалыков К тарабынан 3-курстун студенттери үчүн окуу тажрыйба чарбасында мастер-класс өткөрүлдү.   Иш-чаранын негизги темасы — малдардан бруцеллез ылаңына  карата группалык анализ алуу жана алынган материалдарды райондук ветеринардык лабораторияга туура даярдап жөнөтүү болду. Мастер-класстын жүрүшүндө студенттер бруцеллез ылаңынын өзгөчөлүктөрү, анын мал чарбачылыгына тийгизген зыяны жана алдын алуу чаралары тууралуу маалымат алышты. Практикалык бөлүктө студенттер малдардан кан алуу ыкмаларын үйрөнүп, анализ үчүн үлгүлөрдү туура тандоо, белгилөө жана сактоо эрежелери менен таанышышты. Ошондой эле алынган материалдарды тиешелүү талаптарга ылайык таңгактоо жана райондук ветеринардык лабораторияга жөнөтүү тартиби көрсөтүлдү.    Мындан тышкары, ветеринардык-санитардык коопсуздук эрежелерин сактоо, жеке коргонуу каражаттарын колдонуу жана жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча маанилүү түшүндүрмөлөр берилди.   Бул мастер-класс студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, кесиптик көндүмдөрүн калыптандырууга жана ветеринардык ишмердүүлүккө даярдоого чоң салым кошту.