1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

2

Окуу-таанышуу практикасына жайгаштыруу

Алдыңкы тажрыйба борборунун ветеринария адистигинде окуган 2-курстун студенттери окуу графигине ылайык 2 жумалык окуу-таанышуу практикасына чыгышты. Студенттерди практика өтүүчү объекттерге окуу жайдын окутуучулары жайгаштырышты.

Практиканын жүрүшүндө студенттер чарбаларда, ветеринардык мекемелерде, айыл өкмөттөргө жана агроветдарыканаларда болуп, алардын ишмердүүлүгү менен таанышышат. Алар малдарды кароо, азыктандыруу, ветеринардык-санитардык иштер жана ылаңдардын дын алдын алуу боюнча практикалык маалымат ала алышат

Бул практика студенттердин теориялык билимдерин бекемдеп, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана болочок адистикке даярдануусуна  чоң өбөлгө түзөт.