1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

2

ЖАКта жумуш орунда окутуу уланууда

2026-жылдын 27-март  «Академия кройки и шитья» цехинде студенттер үчүн «Базалык конструкцияны тандоо жана ага өзгөртүүлөрдү киргизип, моделдик конструкцияны түзүү » темасында өндүрүштө практика учурундагы ЖОО (ОРМ) өткөрүлдү. Иш-чарага практика жетекчиси Сооронбаева Г.А алып барды. ЖООго  практикант кыздар жана өндүрүш жетекчилери катышышты. Студенттер базалык конструкцияны туура тандоонун негиздерин, өлчөмдөргө ылайык иштөөнү жана моделге жараша өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн ыкмаларын үйрөнүштү. Алар даяр базалык үлгүнүн негизинде жаңы модель түзүп, конструкцияга тиешелүү сызыктарды өзгөртүп, форма жана деталдарды иштеп чыгышты. Практикалык бөлүктө студенттер моделдик конструкцияны кагазда иштеп чыгып, кийин аны материалга көчүрүштү. Иштөө процессинде кеткен кемчиликтер талданып, тууралоолор киргизилди. Бул практикалык сабак студенттердин конструкциялоо боюнча билимдерин тереңдетип, кийимди моделдөөнүн негизги принциптерин өздөштүрүүгө жана сапаттуу продукция даярдоону үйрөнүштү.