1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

10 месяцев назад

140

1

Жалал-Абад колледжи Алдыңкы тажрыйба борборунда 1-курстардын ата-энелер чогулушу болду

2024-жылдын 13-мартында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин Алдынкы тажрыйба борборунун 1-курстун студенттери жана ата-энелери менен Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында областтык масштабда чоң жыйналышы өткөрүлдү.

Алгач ЖАКтын директору Б.М.Турдубаева Алдынкы тажрыйба борборунун жетишкендиктери келечектеги багыты тууралуу кеңири презентация жасады.

Жыйналышка Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын улук инспектору милициянын капитаны Кыдырова Самара Эсенбаевна катышып, учурдагы жаштардын көйгөйү болуп жаткан “Эненин көңүлү балада, баланын көңүлү талаада! “Сойкулук, рекетчиликке жана аптекалык наркоманияга жол жок!” аттуу аңгеме-презентация көрсөттү. С.Кадырованын баяндамасы ата-энелерди кайдыгер калтырбай, студенттерге сабак болду.

Аталган жыйындын жүрүшүндө милиция тарабынан аптекалык наркоманияга, сойкулукка тиешелүү Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрөгасы Камчыбек Ташиевтин кайрылуусу боюнча студенттерге видео көрсөтүлүп, ата-энелер уул-кыздарын көзөмөлгө алуу боюнча милиция тарабынан эскертүүлөр берилди.

Иш чаранын жүрүшүндө Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Таштанбекова Гулбарчын Калмурзаевнага сөз берилип, шаардагы жаштардын тарбия жүрүм-турумдарын көзөмөлгө алуу жалпы ата-энелерге тиешелүү экенин эскертти.

Андан кийин Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Исмаилов Жунус ажы динге байланыштуу тарбиялык маанидеги насааттарын айтып, студенттерди туура жолдо жүрүүгө үндөдү.

Гуманитардык илимдер ПЦКсынын башчысы Токтоматова Гулнара жана Табигый илимдер ПЦКсынын башчысы Джалилова Анара өзүлөрүнүн студенттери жөнүндө ата-энелерге маалымат беришти.

Жыйындын соңунда алдынкы студенттердин ата-энелерине ЖАКтын ыраазычылык баракчасы берилди.