1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

17

Жумуш ордунда окутуу:  «Майда түйүндүктөрдү иштетүү жана кийимди биротоло жасалгалоо»

Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдөө жана технологиясы адистигинин 3-курс студенттеринин, квалификациялык иш алдындагы практикасынын алкагында «Айнура» тигүү цехинде жумуш ордунда окутуу өткөрүлдү. Жумуш ордунда окутууну аталган адистиктин окутуучусу Султанова Наргиза өттү. Окутуунун темасы «Майда түйүндүктөрдү иштетүү жана кийимди биротоло жасалгалоо» болду.

Сабактын жүрүшүндө студенттер тигүү өндүрүшүндөгү практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүп, майда түйүндүктөрдү иштетүүнүн ыкмалары менен жакындан таанышышты. Ошондой эле кийимди акыркы жасалгалоо этаптары боюнча кеңири маалымат алышып, практикалык иштерди аткарышты.

Практикалык тапшырма катары студенттер түз юбканы иштетүү иштерин аткарышты. Алар юбканын бөлүктөрүн туура бириктирүү, тигиштерин иштетүү жана буюмду акыркы жасалгалоодон өткөрүү боюнча өз билимдерин практика жүзүндө бекемдешти.

Мындай өндүрүштүк окутуулар студенттердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, келечектеги эмгек ишмердүүлүгүнө даярдоого чоң өбөлгө түзөт.