1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

18

ЖАКтын окутуучусу башка окуу жайдын иш чарасына катышты.

2026-жылдын 25-мартында К.Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин Гуманитардык экономикалык колледжинин АСУ кафедрасы тарабынан уюштурулган Мода Көргөзмөсүнө Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад университетинин Жалал-Абад колледжинин Тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦКасынын мугалими Нуркулова Аселя Калиловна мобилдүүлүк алкагында конок катары катышты.

Бул иш-чара студенттердин чыгармачылыгын, дизайн жөндөмдөрүн жана мода индустриясынын акыркы тенденцияларын чагылдыруу максатында өткөрүлдү. Нуркулова Аселя Калиловна өзүнүн кесиптик билими жана тажрыйбасы менен катышуучуларга баалуу кеңештерди берип, алардын иштерин жогору баалап, окуу жайга жана АСУ кафедрасына терең ыраазычылыгын билдирди.

Мындай кызматташтык жана алмашуулар студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга, алардын кесиптик өнүгүүсүнө жана келечектеги ийгиликтерине өбөлгө түзөт.