1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

4

Иш ордунда окутуу: Ценуроз боюнча тажрыйба

Ветеринария адистигинин 2-курс студенттери өндүрүш мастери Надырбек уулу Элдос жетекчилигинде ценуроз боюнча иш ордунда окутууга катышты. Семинардан айырмаланып, бул иш ордунда окутуу практикалык багытка көбүрөөк көңүл бурду. Студенттер ценуроз болгон койдун абалы менен таанышып, жаныбарларды физикалык текшерүү, жүрүм-турумун баалоо жана нейро-паразитардык белгилерин аныктоо боюнча тажрыйба топтоду.

Иш ордунда окутуу учурунда студенттер:

  • Паразиттин жашоо цикли жана организмге тийгизген таасири менен таанышышты,
  • Ценуроз белгилерин байкоо жана маалыматтарды талдоо көндүмүн алды,
  • Клиникалык байкоо жүргүзүү жана диагноз коюу процессин үйрөнүштү,
  • Ветеринардык жабдууларды колдонуу жана медициналык процедураларды байкоо тажрыйбасын алды,
  • Кесиптик этика жана коопсуздук эрежелерин сактоону өздөштүрүштү.

Бул иш-чара студенттерге теориялык билимин практикада колдонууга, кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, жаныбарларга туура мамиле кылууга жана клиникалык чөйрөгө даяр болууга чоң жардам берди. Студенттер суроолор берип, практикалык мисалдар аркылуу тажрыйба алышып, Элдос агайдын кеңештери менен өз көндүмдөрүн жакшыртышты.