1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

11

Жалал-Абад колледжинде “Ишеналы Айдарбековдун лидерлик стили жана мамлекеттик башкаруудагы тажрыйбасы” аттуу темада дебат өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин лидерлик сапаттар тууралуу түшүнүгүн кеңейтүү, мамлекеттик башкаруу системасы боюнча билимдерин тереңдетүү жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү болду. Дебатка ар түрдүү тайпалардан студенттер катышып, өз ойлорун эркин жана негиздүү түрдө билдиришти.

Дебат учурунда катышуучулар Ишеналы Айдарбековдун лидерлик өзгөчөлүктөрүн, анын башкаруудагы ыкмаларын жана мамлекеттик кызматтагы ролун талкуулашты. Айрым студенттер анын чечкиндүүлүгүн жана жоопкерчиликтүүлүгүн белгилешсе, башкалары башкаруудагы тажрыйбасын мисалдар менен негиздеп беришти.