1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

10

Энергетиктердин келечегине жол ачкан практика

Алдыңкы тажрыйба борборунда Жалал-Абад колледжинин Энергетика жана Өзгөчө кырдаалдардан коргоо ПЦКсынын 140212 «Электр менен жабдуу» жана 140206 «Электр станциялары, тармактар жана системалар» адистиктеринин ЭССк-2-23 жана ЭСк-2-23 тайпаларынын студенттерин квалификация алдындагы практикага жөнөтүү конференция өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге алдыдагы практиканын мааниси, талаптары жана уюштуруу жөнүндө кеңири маалымат берүү, ошондой эле алардын кесиптик даярдыгын бекемдөө болуп эсептелет. Конференциянын жүрүшүндө студенттерге практика учурунда коопсуздук эрежелерин сактоо, иш тартибин так аткаруу жана кесиптик жоопкерчилик тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.

Конференцияга Жалал-Абад колледжинин өндүрүштүк практика боюнча жетекчиси Э.А. Режапова жана аталган ПЦКнын практика жетекчилери катышып, студенттерге баалуу кеңештерин берип, ийгиликтерди каалашты.

Белгиленгендей, студенттер квалификация алдында практиканы 2026-жылдын 30-мартынан 15-майына чейин Жалал-Абад электр тармактары ишканасында жана райондук электр тармактарында өтөшөт. Бул практика студенттердин теориялык билимдерин практикалык көндүмдөр менен айкалыштырууга, келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдануусуна чоң өбөлгө түзөт.