1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

12

Мамлекеттик практика өтөп жаткан студенттердин ишмердүүлүгү текшерилди

Ветеринария адистигинин студенттеринин мамлекеттик практикасын уюштуруу жана өткөрүү процессин көзөмөлдөө максатында ЖАК тын өндүрүш боюнча практика жетекчиси Режапова Э.А. жана Ветеринария ПЦКсынын башчысы Жолонбаева Б.Ж.  тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө студенттердин практика өтүп жаткан мекемелердеги ишмердүүлүгү, теориялык билимдерин практикада колдонуу деңгээли, кесиптик көндүмдөрү жана эмгек тартибин сактоосу бааланды. Студенттер ветеринардык-санитардык иш-чараларга активдүү катышып, малдарды кароо, ылаңдарды аныктоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүүгө тартылган.

Жетекчилер тарабынан жүргүзүлгөн байкоолордун негизинде студенттердин көпчүлүгү практика талаптарына ылайык деңгээлде даяр экендиги, өз милдеттерин жоопкерчиликтүү аткарып жаткандыгы белгиленди. Ошону менен бирге айрым студенттерге теориялык билимдерин тереңдетүү жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү боюнча сунуштар берилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик практика белгиленген талаптарга жооп берери жана студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга оң таасирин тийгизгени аныкталды.

Жыйынтык: Мамлекеттик практика канааттандырарлык деңгээлде өтүп жатат деп бааланды.